Биз социалдык тармакта

Өкмөт тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планы бекитилди

Өкмөт тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаралардын аткаруучулары Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.

Бул милдеттерди ишке ашыруу чаралары 2020-жылдын ичинде аткарылат.

Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планын аткарууга тартылган мамлекеттик органдарга аткарылып жаткан иштер тууралуу өкмөттүн аппаратына ай сайын маалымдап туруу тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2020-03-06 09:07:35
Коронавирус бизге качан келет.
-3
souza.j
2020-03-06 09:08:32
Жер бетиндеги бир топ жаман пдамдарды тазалап кетсе. Жер да бир силкинип женилдеп алат эле.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан