Мамкаттоо: "Өлкөдө жалпы жарандык паспортту алууну каалагандардын саны өстү"

Мамлекеттик каттоо кызматына жалпы жарандык паспортторду берүүнү тездетүү тапшырмасы берилди. Мындай билдирүү коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан учурда жалпы жарандык паспортту алуучулар көбөйгөнүн билдирет.

"Өлкөгө ID-карта менен кирүүгө тыюу салынгандан кийин жалпы жарандык паспортту алуу үчүн кайрылгандардын саны өстү. Буга байланыштуу жалпы жарандык паспортту алуучуларга жана чет өлкөгө чыга тургандарга кыска маалымат бере кетели.

Жалпы жарандык паспорт үчүн керектүү документтер:

ID-карта;

Арыз;

Үй-бүлөлүү болсоңуз нике тууралуу күбөлүк;

Бардык балдарга (жаңы төрөлгөн ымыркай болобу, өспүрүм болобу) паспорт алуу шарт. 2019-жылдан баштап киргизилген эреже.

Жалпы жарандык паспортторду ыкчам алуунун (каражат төлөп) мөөнөттөрү - 3 саат, 2 күн, 4 күн жана 7 күн. Ал эми кошумча акча төлөбөй алуунун мөөнөтү 12 иш күнү деп эсептелет. Паспорт алуу үчүн жашаган жериңизден маалым кат керектелбейт", - дейт мекеменин басма сөз катчысы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2020-03-06 13:18:13
Жалпы жарандык паспорттордун жаңы үлгүсү аркылуу жарандарыбыз кеңири эч кандай чектөөсүз башка мамлекеттерге чыга алат.
-1
Kyrgyz_bloger
2020-03-06 14:01:43
Окмот жалган айткандан оозунар кыйшайбайт да,кошумча акча толобой алуу 12 кун дейт,мен барып тапшырайын десем 1 ай деди го,олсонор да чын суйлоп олгулочу.
+4
Tynar1213
2020-03-06 19:14:13
Kyrgyz_bloger, 18 иш күнү деп эсептелет субота воскресенье кошулбай беш күн жумуш күнү деп эсептесен бир ай болуп калат
0
xnurgul_gul
2020-03-07 01:23:30
Kyrgyz_bloger,Мен жакныда 2 пасспорттумду тен алмаштырдым ID 1 айлык 15,14 кундо эле келип калат экен 260сом 1 айлык нормальный баасы,Загран 4 кундук 2500сом
+1
aybek88
2020-03-06 15:36:51
Жарандык паспортту алыш үчүн канча акча кетет. 1 айда келсе деле болот
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан