Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 21-апрелдеги кабарлардын ток этерин окугуңуз келсе...

Өлкөдө дагы 22 адамдан коронавирус аныкталды. Көбү Бишкек шаары менен Ош облусунда. Жалпы 590.

Сутка ичинде өлкөдө 15 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Дагы 7 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалпы вирус жугузган ак халатчандардын саны 147ге жетти.

Коронавирус менен ооруп жаткан 12 бейтаптын абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

Орусиядан келген жаран медициналык кароодон өтпөй, оорусун жашырып, 10 адамга вирус жугузган. Ага карата кылмыш иши козголду.

ИИМ Бишкекте 12 милиция кызматкери коронавирус жуктурган болушу мүмкүн экенин билдирди.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди тууралуу окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан