Ленин районунда митингдерди өткөрүүгө жана адамдар көп топтолгон иш-чараларды уюштурууга убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.
Түлөбаевдин айтымында, мындай чектөөлөр шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу өкмөттүн токтомунун негизинде киргизилип жатат.
"Убактылуу чектөөлөр киргизилип жаткандын бир гана себеби бар. Ал өлкөдө коронавирустун жайылышын болтурбоо. Биз демократиялык принциптерди карманып келебиз. Бирок кээ бир кырдаалдарда чектөөлөрдү киргизүү зарыл болгон жагдайлар болуп калат. Учурда Бишкекте массалык чогулуштарга тыюу салынып жаткандын себеби жогоруда айтып өткөндөй коронавирус эпидемиясынын алдын алуу болуп саналат", - дейт Балбак Түлөбаев.
Буга чейин Биринчи Май районунун акимиаты Бишкекте митингдерди өткөрүүнү 1-июлга чейин тыюу салуу боюнча сотко кайрылган.
Биринчи Май районунун акимиаты буга негиз катары өкмөттүн токтомун келтирген. Ал эми аппарат башчы Балбак Түлөбаев коронавируска байланыштуу бардык райондордо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген.