Депутат Эмил Токтошев коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан келген каражаттар тууралуу маалымат толук берилбей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Оору боюнча күнүгө чыгып маалымат берип жатасыздар. Бирок илдетке кабылгандардын саны гана айтылып, башка жагдайлар тууралуу сөз жок. Байкаганыбыздай илдет азайган жок, абал оор боюнча сакталууда. Эмне үчүн оорунун чыккан жерин айтпай жатасыңар? Эгер толук маалымат берсеңер, эл өзү сактанмак. Топтолгон каражаттардын кайда, кантип жумшалып жатканы тууралуу да толук маалымат берүү керек", - дейт ал.