Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште автоунаа жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутат Марлен Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи. "Жолдордун тез арада бузулушунун себеби - ашыкча жүк ташыган транспорттук каражаттар. Ошондон улам мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат", - деди ал.