Кечээ, 6-мартта Аламүдүн районуна караштуу Степное айылындагы №2 аялдар абагында "Жаз сулуусу-2020" аталышындагы сулуулар сынагы болуп өттү. Сынакка эркиндигинен ажыратылып абакта отурган аялдар катышып, "адам өлтүрүү" жана "ден соолукка атайылап залал келтирүү" беренеси менен 2 жолу соттолгон Кундуз К. жеңүүчү аталды.
Ал былтыр 2019-жылы дагы аталган сынакта жеңүүчү аталган.
Сынак 8-март Аялдардын Эл аралык майрамынын урматына арналган.
Сынакка абактагы 4 отряддын өкүлдөрү катышып, алар ыр окуу, тамашалуу сценка коюп, обонду ыр аткарышкан. Катышуучулар өздөрү колго тиккен көйнөктөрдү кийип чыгышты. Алар полиэтилен баштыктан жана кийизден жасалган.