Биз социалдык тармакта

Орусияда Кыргыз жараны өз жанын кыйган. Маркумду жакындары август айынан бери издеп келген

Дайынсыз жоголуп жаткан Кыргыз жаранынын жансыз денеси Москва шаарынан табылды. Ал өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн жылдын декабрь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Ош облусунун жараны 1974-жылы туулган аял киши арыз менен кайрылган. Анын арызында 1972-жылы туулган жолдошу 2019-жылдын август айынан бери дайынсыз болуп жатканы жазылган. Ал акыркы жолу август айында байланышка чыгып, андан кийин кабарсыз болуп жаткан. Ал Москва шаарына август айында иштөөгө келген. Дайынсыз жоголгон жарандын жакындары өз алдынча издегенден майнап чыккан эмес.

Бул иш боюнча ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү издөө иштерин жүргүзүп, 2019-жылдын 24-октябрында Москва облусунун Домодедово шаарындагы токойдон дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылган. Анын денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Териштирүү иштеринде ал өз өмүрүнө кол салганы аныкталган. Андан соң маркум аталган шаарда жерге берилген.

5-мартта маркумдун жакындары тийиштүү документтер менен таанышып, каза болгон жаранды эксгумация кылууну жана мекенине алып келүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mirlanpiter
2020-03-08 00:26:43
Эми болор иш болуптур, көмүлгөн жерге эле Куран окуп,тим эле койсо да болор беле ,дейм ,менин жеке оюм
+7
Nur777
2020-03-08 00:40:14
Орустун судмедэкспорттору менен менттери бармак басты,коз кысты кылып койду да,кимге лишний проблема керек убийство деген дело ачып...Шордуу кыргызым..
+6
KG.2606.Noo
2020-03-08 15:50:41
Бул информацияны факыт менен жазсанар кайдагы бир кулактан кулака угулган созду эле туура эмес жарыялаган болбойт. Айсалкын Качкынбекова.мен лично тууганы болом.
0
Эльвира Караева
2020-03-09 09:27:15
KG.2606.Noo, жогорудагы маалымат Ички иштер министрлиги тараткан маалыматтын негизинде жазылган. Эгерде окуяга байланыштуу айтар сөзүңүз бар болсо, анда редакцияга байланышыңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан