Бүгүн, 8-мартта саат 12:00дө Бишкектин Жеңиш аянтынан башталган "Аялдардын тилектештик маршы" өтмөк.
Бирок башталбай жатып жөө жүрүштүн катышуучуларына 20дай калпакчан жаран басып келип, ортодо ызы-чуу чыкты.
"Кырк чоро" бирикмесинин башчысы Замирбек Көчөрбаев жогорудагы окуяга байланыштуу: "Калпак кийип келген балдардын бизге тиешеси жок. Алар кайдан келгенин билген жокмун. Бирок бүгүнкү жүрүштө пропаганда бар. Биз буга каршыбыз. Алар былтыркыдай эле "чай куйбайм" деген плакаттарды алып жүрүшөт. Биз алар менен мындай жол менен эмес, жайбаракат сүйлөшмөкпүз", - деди.