"Аялдардын тилектештик маршында" Свердлов РИИБине жеткирилген катышуучулар чыгарылып жатат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири билдирди.
Учурда Свердлов РИИБинин ичинде дагы канча катышуучу бар экени белгисиз.
Бүгүн, 8-мартта саат 12:00дө Бишкектин Жеңиш аянтынан башталган "Аялдардын тилектештик маршы" өтмөк. Бирок башталбай жатып жөө жүрүштүн катышуучуларына 20дай калпакчан жаран басып келип, ортодо ызы-чуу чыкты.