Биз социалдык тармакта

Казан-аякты куралга алмаштырган погончон айымдар

Күжүрмөн эмгек менен бирге жоопкерчиликти талап кылган жумушта кыргыз айымдары сыймыктануу менен иштеп келет. Алар жумуш менен бирге үй-бүлөнү айкалыштырып, күчтүү жана мээримдүү жан болушат. Биз бул жолу 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата тергөөчү, аскер кызматкери жана спецназ болуп иштеген погончон айымдар тууралуу айтып беребиз.

Октябрь РИИБинде тергөөчү болуп иштеген Гүлмира Мукамбетова укук коргоо органдарында 20-жылдан бери эмгектенет. Ал оор жана өтө оор кылмыш иштерди тергейт. Ал бул кесипти чоң апасынын жолун жолдо максатында тандаганын айтат.

Ал эми биздин экинчи каарманыбыз Венера Жунусова ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунда спецназ болуп эмгектенет. Ал өмүрүн тобокелчиликке салган иште иштеп, үй-бүлөдө 5 баланын энеси. Ал убагында "Апрель" жана "Ош когалаңын" өз көзүм менен көргөм деген кызматкерлердин бири.

Погончон айымдардын кызыктуу видеосун бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kairat1996
2020-03-08 18:59:57
Ушул бир эле суротпу. Дагы турлуу кылып кошуп койбойсунарбы. Же бизде бир эле аял курал атканды билеби. Жанагы Кырк чоролорду мээлеп туруп атып салгыла.
+1
admin_portal
2020-03-09 09:39:14
Kairat1996, видеосун бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз.
https://www.super.kg/supertv/260667
0
Mister-X
2020-03-09 20:19:27
Kairat1996,Кырк чородон мынча неге коркосун?Сен да эр журок болсон,эркек болсон ошол кырк чородогу жигиттердей болуп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан