Биз социалдык тармакта

"Акцияга чыккан кыз-келиндерге бет кап тагынган жарандар кол салышты". Бишкекте өткөн "Аялдардын тилектештик маршын" дүйнөлүк басылмалар кантип чагылдырышты?

8-мартта Бишкектин "Жеңиш" паркында "Аялдардын тилектештик маршы" өтүп, ага калпак кийген 20 чакты жаран келип, жөө жүрүшкө чогулган катышуучулар менен ортодо пикир келишпестик жаралган. Аларды милиция кызматкерлери кармап кетишкен. "Аялдардын тилектештик маршы" бир катар чет элдик маалымат каражаттарына жарыяланды. Эмне деп жазышты?

"The New York Times" америкалык гезити

"Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүндө активисттер зомбулукка каршы тилектештик маршына чыгышкан. Бирок бет кап тагынган белгисиз жарандар (айрымдары калпак кийип жүрүшкөн) марштын катышуучуларына асылып, кыз-келиндердин колундагы плакаттарды тартып алып, айрышкан. Ал жерге укук коргоочулар келип, 50дөй активистти (көбү кыз-келиндер) кармап кетишкен. Бул учурда бет кап тагынып, марштын жүрүшүн токтотууну каалагандар туш-тарапка тарап кетишти", - деп жазылат маалыматта.

"Al Jazeera" катардык телекомпаниясы

"Бишкектин "Жеңиш" паркында 8-мартта аялдардын укугун коргойбуз деп маршка чыккан активисттерге Кыргыз өлкөсүнүн улутчул жарандары бет кап тагынып алышып,
кол салышты",
- деп чагылдырылат.
"8-мартта Бишкек шаарында феминисттер зомбулукка каршы акцияга чыгышты. Алгач аларга бет кап тагынган жарандар кол салса, андан кийин катышуучуларды милиция кызматкерлери кармап кетишти. Тилектештик маршы бир нече мүнөткө созулуп, токтоп калды", - деп айтылат маалыматта.

"The Guardian" британиялык гезити

"Жеңиш" паркына чыккан феминисттер кыймылынын активистин милиция кызматкерлери
кармап кетишти".

"Интерфакс" орус маалымат агенттиги

"Бишкекте аялдардын акциясына чыккандар менен жергиликтүү тургундар ортосунда уруш чыкты. Катышуучулар ур-токмокко кабылды", - деп жазат аталган агенттик. Ошондой эле маалымат агенттиги Бишкек ШИИББине шилтеме берүү менен акция шаардык бийлик менен макулдашылбаганын, уюштуруучулар акция тууралуу укук коргоо кызматкерлерине маалымат бербегендиктен коомдук тартиптин бузулушуна жол берилгенин жазган.

Бишкектеги феминисттердин жүрүшүндө чагымчыл деп 5 адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AksyKum
2020-03-09 10:54:18
Митингке тыйуу салган мэрия неге мындай аялдарды тыйып чыгарбай койо албайт.жылда эле чет жактагы кесиптештерине (лб,гей) бизге ушундай кысым болот жардам бергиле деген максатта чыккан ушуларды тыйып койо албайт.андай бала торобой чай куйбай жургунор келсе кеткиле силерди колдогон ошондой олкого.
+4
Alimbek1000
2020-03-09 11:17:32
КЫРГЫЗСТАНДА ГЕЙЛЕРГЕ ОРУН ЖОК!!!
+4
Jaznura
2020-03-09 11:19:52
Ар бир агенттик өзүнө ылайыктуу кылып ушак жазыптыр.
-1
Mister-X
2020-03-09 20:12:10
Ошол эле Европа,Америка журушту уюштуруп жатат.Кайра дуйного Кыргызстанды жаман корсотуп жатат.Эмнеге башка олкодо 8 Мартта журушко чыкпай эле сонун майрамдашат?Бизде жылда феминисттер элдин маанайын бузат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан