Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин комитетинде Дүйнөлүк банк "Аймактык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында каражат бөлө турганы айтылды

Кечээ, 9-мартта Жогорку Кеңештин комитети "Аймактарды экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банк ортосундагы эки тараптуу финансылык макулдашуу долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев курамы 5 кошундудан турган эки тараптуу келишим Ош облусун өнүктүрүүгө багытталганын айтты. Анын алкагында аймактык өнүгүүгө 5,5 миллион доллар, айыл чарбасына 25,5 миллион доллар, Ош шаарынын инфратүзүмүнө 22 миллион доллар, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө 3 миллион доллар, долбоордун өзүнө 4 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Депутат Рада Туманбаева бул долбоор үстүртөн эле даярдалып калганын, 5 компоненттин ичиндеги чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү маселеси туура коюлганын белгилеп, өкмөт өкүлдөрүн насыя каражатын өз багытында жана сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2020-03-10 11:57:48
Долбоордун өзүнө 4 миллион доллар кеткендей, долбоор эмне жем-чөп жейт экенби? Же аны тонна экенби, камаз менен ташыгандай?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан