Президент вице-премьерди кабыл алып, экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттер, тобокелчиликтер тууралуу талкуулашты

9-мартта президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Эркин Асрандиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттерди, тобокелчиликтерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча чаралар талкууланды.

Вице-премьер Эркин Асрандиев Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, 3-марттан тарта тышкы таасирлердин кесепеттерин минималдаштырууга жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлгөндүгүн маалымдады.

Базарлардагы кырдаалга көз салуу, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, жүк ташуучуларды, негизги жеткирип берүүчүлөр менен импортерлорду колдоо боюнча чаралар камтылган биринчи кезектеги иш-чаралар планы иштелип чыкканы белгиленди.

Эркин Асрандиев жер-жерлердеги реалдуу кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн райондук деңгээлде ушундай эле штабдарды түзүү чечими кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Жалпысынан республика боюнча абал туруктуу, бүгүнкү күндө негизги товарлардын запасы, көлөмү жетиштүү экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабдын ишинин максималдуу натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи. Штабдын негизги милдеттери - дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга анализди эске алуу менен таасирдүү сунуштарды иштеп чыгуу жана алардын негизинде мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү чараларды көрүү экенин эске салды.

Мамлекет башчысы Республикалык штаб негизги көңүлдү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн аткарууга, эл керектеген товарларды өндүрүү жана ташып келүү менен алектенген ишкерлер менен тыгыз кызматташууга бурушу керектигин билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2020-03-10 09:45:31
Экономика азыркы кезде кооптуу жагдайда турат. Эң стабилдүү деген Кытайдын экономикасы 10 жылдык чыгашасын 2 айда кетирип отурат. Бул болсо биздин экономикага да түздөн-түз таасир этет.
+1
chake
2020-03-10 10:02:12
Бизге келбей эле койсун ошол балее кырсыктар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан