Бишкекте милиция кызматкерлерин ашата сөгүп, бет кап тагынбаган кыз 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынды

Бишкекте милиция кызматкерлеринин айтканына баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн кыз 15 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү саат 17:30 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен бет кап тагынбай көчөдө жүргөн кызды кармашкан. Ага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө ал оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, милиция кызматкерлерине жүктөлгөн мыйзамдуу талаптарды аткарган эмес. Кыз коомдук тартипти бузуп, өзүн абдан агрессивдүү көрсөтүп, милиция кызматкерине каршы күч колдонуп, кол да көтөргөн.

Мындан улам бул факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми коомдук тартипти бузган кыздын аты-жөнү такталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран болгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, ал 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
OMURBEK.
2020-04-14 12:32:13
Даагы бирөөсү жүрөт орусча сүйлөгөн ал тез аралыкта камакка алынсын
+3
make2
2020-04-14 12:37:10
Эки айга камаш керек болчу, аз бериптир
+4
Beka19
2020-04-14 12:56:49
Күйгүздү ушуга окшогон ХХХХХ, катуураак чара көрбөйбү мындайларга, очойто штрафты салып 1-2 жылга камап салыш керек мындай айбандарды
+4
admin_portal
2020-04-14 13:04:31
Beka19, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
+2
bond02
2020-04-14 13:04:47
2 айга деп журот го башка сайттарда.
-2
Samatalibei
2020-04-14 13:05:42
Жазаны күчөтүү керек. Антпесеңер мындай учур көбөйүп баратат. Чачыны кырып салгыла да 1жыл камалсын. Чачы өсөт тили кыскарат.
+2
BarsBaatyr
2020-04-14 13:21:08
Улут бөлүү боюнча да кылмыш ачыш керек
+6
kyrgyzka7
2020-04-14 13:52:47
Кыргызстандын жарандыгын алып салсын,башка ароматтуу олколорго жаран болсун!"ВОНЮЧИЙ КЫРГЫЗДАР"дегени учун!
+4
admin_portal
2020-04-14 14:11:30
Aktan2018, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
aerforce
2020-04-14 16:18:13
15 кун аз карантинге жатат экенда уйуно тамакка эконом болуп бул ХХХХ эки жылга камаш керек камерага патриот аялдар менен чогу камап чыкканда бир гана кыргыз тилинде сайрай турган кылып
+1
Ziregim
2020-04-14 16:35:58
Сизодогулар жакшылап сасытат эми, жат сасып ошол жерде
0
Muslim.azamatovich
2020-04-14 16:41:44
Рас кылыптыр,штраф салгыла,дагы 1.2 айга камап койсонор экинчи тамтандап суйлогус кылып
+1
fora
2020-04-14 17:17:28
Бейбаштык менен иш козгоптур ал туура эмес бул акмак бутундой Кыргызтанды мазактады кучтуурок статья менен камасын
+1
Aimani
2020-04-14 17:19:37
Бул кыз крышасы тайып калган болсо керек. Карантинде жатып. Сот кылып соттош керек. 15кун аздык кылат. Президентти баш кылып 6,5млн элди оскорбление кылган үчүн.
+2
gul3ina
2020-04-14 21:05:00
Ырас кылыптыр акмакты ошентип камаш керек кечирим суратып кое берип койбой
+2
Aia1219
2020-04-14 23:32:02
Атасындай кишилерге кол көтөрүп ашата сөгүп жатканы туура эмес элего!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан