Япониядан келген Кыргыз жараны тууралуу дарыгер: "Вирусту кайра жуктуруу же жуктуруп албоо иммунитетке жараша болот"

Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп, өз убагында медициналык жардам алгандан кийин айыккан Кыргыз жараны кечээ, 9-мартта өлкөгө кайтып келген. Азыр ал бейтапканада карантинде кармалып жатат. SUPER.KG порталы Япониядан кайтып келген Кыргыз жаранынын азыркы абалын сурап, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев менен байланыштык.

Башкы дарыгер учурда жарандын абалы канааттандырарлык экенин айтты.

"Япониядан келген жараныбыздын абалы канааттандырарлык. Андан анализ алынып, дене табын өлчөгөнүбүздө баары нормага ылайык болуп чыкты. Вирусту кайра жуктуруу же жуктуруп албоо иммунитетке байланыштуу болот.

Бирок Япониядан келгендиги үчүн атайын карантинге алдык. Аталган жаран Японияда дагы анализ тапшырган экен, бизден дагы анализ тапшырып, абалы канааттандырарлык болуп чыкты. Канааттандырарлык дегенди вируска жана ооруга жакын деп баалабаш керек. Канааттандырарлык деген бул - абалы жакшы дегенди түшүндүрөт. Жаранды биз жөн эле коё бербейбиз, ал карантиндик мөөнөтү бүтүп, бейтапканадан чыгып бара жатканда дагы анализ алынат", - деп билдирди Аалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан