Депутат коронавируска байланыштуу эл өкүлдөрүнүн чет мамлекетке болгон иш сапарларын токтотууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев коронавируска байланыштуу эл өкүлдөрүнүн чет мамлекетке болгон иш сапарларын токтотууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Башка өлкөнүн депутаттары коронавирусту бири-бирине жугузуп жүрүшөт. Бизде кээ бир депутаттар ошого карабастан иш сапарга чыгып жатышат. Эл өкүлдөрүнө чет мамлекетке болгон иш сапарларына тыюу салуу керек. Кээ бири Германияда жүрүшөт. Жогорку Кеңешке болгон экскурсияны токтоттук, депутаттардын иш сапарын дагы токтотуу зарыл. Келгенде карантинге жатышсын. Ушундай буйрукту чыгарсаңыз. Дүйнөдө көпчүлүк парламент ушундай чечимге келип жатышат", - дейт Бекешев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунуш эске алына турганын айтты. "Бүгүнкү күндө республикалык штаб иштеп жатат. Ал жерде бардык буйруктун негизинде иш жүрүүдө. Азыркы учурда Жогорку Кеңешке чектөө киргизип жатабыз. Мурункудай сырттан келген конокторду, айылдык кеңештин депутаттарын, окуучуларды, студенттерди кабыл алчубуз, азыр токтотулду. Депутаттардын башка мамлекетке чыгуусун дагы токтотууну сунуштап жатабыз", - дейт төрага.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baltabaev
2020-03-11 12:17:54
Чет олкого чыгып жуктургула, азабын тарткыла ошодон нары келбегиле, Эл селерден тажап тажап дагы тажап буткон
0
4ika1989
2020-03-11 15:03:23
Тфу блин өзүңөрдү ойлойсуңар, байкуш карапайым эл чет жакта мигрант болуп жүрүшөт, бала чака, ата энеми баксам, үй жай куруп алсам деп, бириңер да ойлоп койбойсуңар?
+1
Aikaaaa
2020-03-11 19:58:48
Булар чет өлкөгө чыгып эмнени кыйратышмак эле, өзүлөрүнүн эле жер көрүүсү үчүн эле да. Чыгышса чыгып ошондон аары келбейле коюшсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан