Япония учурда коронавирустун жайылышы боюнча 3-очокко айланды. Эсиңиздерде болсо, буга чейин Фукуока шаарында ресторан ачып, ачылышына эч ким келбегенинен ыйлап калган мекендешибиз Асел Минагава менен маек курганбыз. Учурда коронавирус көп жайылган шаарда жашаган мекендешибиз Асел Минагава SUPER.KG порталына ал жактагы абал тууралуу баяндап берди.
- Саламатсызбы, Асел? Япония учурда коронавирустун жайылуусу боюнча 3-очокко айланды. Сиз жашаган Фукуока шаарында абал кандай?
- Саламатчылык. Биздин шаарда да вируска кабылгандар бар. Бирок канча адам экенин так билбейбиз. Кечээ жолдошум ишканалар жабылып жатат деп айтып келди. Көбүнчө мейманкана жаатында иштегендер зыян тартууда. Анткени алардын кардарларынын көпчүлүгү кытай эли болчу. Андыктан көпчүлүгү алдын ала берген буюртмаларын жокко чыгарууда. Японияда чоң коркунуч Токио менен биз жашаган Фукуока шаарында болууда. Фукуокада дүйнө жүзүнө каттаган чоң аэропорт бар. Ошондуктан чочулоо болуп жатат.
- Коронавирус менен күрөшүү үчүн чаралар көрүлүп жатабы?
- Учурда ар кандай маданий иш-чаралар токтотулду. Азыр эл Япониянын премьер-министри Абэ Синдзону "Эмне үчүн кытайлыктарды киргизет? Эмне үчүн жакшы чара көрбөйт?" деп жаман көрүп жатышат. Ал эми "Хаконэ" деген мейманкананын кожоюну "кытайларга бул жакта калганга болбойт" деген жазуу (табличка) илип коюптур. Ал нерсе да көп адамды кыжырдантты. Чынында коронавирус менен күрөшүүдө Япония жакшы чара көрбөй жатат. Интернет аркылуу чындык маалымат таратылган жок. Азырынча Японияда 800гө жакын адам коронавирус жуктурду дегени менен реалдуулукта көрсөткүч андан көп.
Шаарда эл мурункудан аз болуп калды. Японияда эч качан бет кап маселе болгон эмес, бардык жерде сатылчу. Азыр болсо бет кап табуу кыйын. Дарыканаларга барсаң 1-2ден гана берет, көп алганга уруксат жок. Дагы бир капалантканы, ортомчулар көбөйдү. Айрымдар абалдан пайдаланып бет каптарды кайдан-жайдан сатып алып жатышат да, 3 эсе кымбат сатышууда. Санитардык лосьондор сатыкта жок, баарын сатып алып коюшкан.
- Элдин маанайы кандай? Япон эли чочулап, дүрбөлөңгө түшкөн жокпу?
- Жалпысынан алганда андай деле "паника" жок. Бирок байкашымча, көп жакта коронавирус боюнча сүйлөшүп жатышат. Сиздер деле билсеңиздер керек, япониялык "Даймонд Принцесс" деген кеменин ичиндеги аялды коронавирус боюнча текшербей, үйүнө жиберишкен. Кийин гана ошол аялда вирус бар экендиги аныкталган. Ал үйүнө коомдук транспорт менен баргандыктан, вирус башкаларга тараган. Негизи эки күн үйдө отуруп, дене табыңарды ченеп тургула деп эскертишкен, бирок ал нерсе аткарылган эмес. Эгер япондор дүрбөлөңгө түшсө, баарын, биринчи кезекте сууну сатып алып коюшат. Бир жагынан бийликтин элди дүрбөлөң кылбай жатканы да туура.
- Сиз жакында ресторан ачып, кардарларды тейлеп баштадыңыз эле. Эпидемия ишиңизге зыянын тийгизген жокпу?
- Мен учурда эки ресторанда иштейм. Бирөөсү өзүбүз ачкан жай, экинчисинде ашпозчунун жардамчысы болуп эмгектенем. Биздин ресторан эми гана жакшы иштеп, кардарлар келип баштаган. Эми бул жума абалды байкап көрөбүз, эгерде аябай аз киши келсе, анда бир нече убакытка чейин жабылууга туура келет. Экинчи ресторанга мурун күнүнө 40-50 адам келип тамактанса, азыр алардын жарымы гана келди.
- Фукуока шаарында мекендештер көп элеби?
- Жок, бул шаарда кыргыздар аз, саналуу гана.
- Маегиңизге рахмат! Сак болуңуздар!