Биз социалдык тармакта

Мамкаттоо: "Бомба тууралуу жалган маалымат таратты деп кармалган жаран Оштогу каттоо кызматында иштебейт"

Бүгүн, 11-мартта "Ош облусунун Кара-Суу районундагы РЭСке бомба коюлган" деген маалыматты тараткан адам кармалган. УКМКнын маалымат кызматынан кармалган жаран Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экендиги аныкталганын кабарлаган.
Мамлекеттик каттоо кызматынан жогорудагы маалымат боюнча билдирүү жасашты.
"УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндөгү “Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экендиги аныкталды” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган маалымат тараткан адамдын Мамлекеттик каттоо кызматына тиешеси жок.
Маалыматта айтылган картография бөлүмү, тагыраагы, жер, кыймылсыз мүлк боюнча бөлүмдөр өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу", - деп кабарланат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-03-11 20:09:14
Иш жок зерикен экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан