Биз социалдык тармакта

Аламүдүн дарыясындагы жашыл суу боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты

29-февраль күнү социалдык тармактарга "Аламүдүн дарыясынан жашыл түстөгү суу агып жатат" деген аталышта видео тарап, талкууга түшкөн. Бул боюнча Шаардык мэриядан "Фейк маалымат" деген билдирүү таратышкан. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты төгүнгө чыгарууга шашпай, дарыя суусунан анализ үчүн үлгү алынганын жана жыйынтыгы жакында чыгарын билдирген.

Бүгүн, 12-мартта анализдин жыйынтыгы чыкканын Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Химиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, суунун курамындагы азоттун аммонийи 2-4 эсеге, азоттун нитрити 11-45 эсеге, күйүүчү май 2-11,4 эсеге жогору болгон. Ошондой эле темир, цинк, жез, коргошундун дагы концентрациясы жогору болуп чыккан. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, сууга күйүүчү заттардын көп концентрациясы төгүлгөн. Бул факты боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чара колдонуу үчүн алынган жыйынтыктар Экотехинспекцияга жөнөтүлдү", - дейт маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz_bloger
2020-03-12 18:00:34
Ушул дагы ишпи эмне тогулгонун ушунча кун изилдегендин ордуна ким токконун тапсанар айтат эле го,эми мынча кун откондон кийин кантип табасынар аны.
+1
gulya583
2020-03-12 18:04:40
Жакшы дагы кичине изилдемиш болушуптур, биринчи башкача маалымат беришип, кайра изилдеген адам болушту.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан