Орусия Кыргыз өлкөсүнө коронавирусту аныктоочу 5 800 реагент берди

Орусия коронавирусту аныктоо үчүн колдонулган реагенттин кезектеги партиясын жиберди. Аталган химиялык заттан - 5 800 даана келди. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында белгилүү болду.

"13-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок. 303 киши карантин шартындагы медициналык көзөмөлдө. Карантин үчүн жалпысынан 1602 орун даярдалган, бул сан зарылдыкка жараша көбөйөт. Ал эми Орусия Кыргыз мамлекетине коронавирусту аныктоо үчүн кезектеги 5 800 реагент жиберди", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Omar.
2020-03-13 17:56:25
Коронавирусту аныктоочу апаратты Америка 2000 штук берсе, эми болсо Орусия 5000 штук бериптир. Кыргызстанда градусник менен эле текшерип отурушканбы?? Не бар бизде?
+7
Maks_shop
2020-03-14 11:35:42
Omar.,Биздикилер да уже сатып алышкан болчу
0
Belek1710
2020-03-13 18:16:33
Бергенин алып отура беребиз да, бербесе жок, аберес деп.
+9
zzz---zzz
2020-03-13 18:39:19
Салымбековко окшогон копостор кытайга маска жөнөткөнчо өз элине, коранавирусту текшерчуу нерсе сатып бербейт беле
+11
Alixan-Nookat.2015
2020-03-13 18:54:34
Кудай сактаса экен кыргыз элимди, Казакстанда 3 адамда катталыптыр
+7
Samatalibei
2020-03-13 21:05:10
Салымбек байке бизге деле жардам берсин? Кытайга караганда кыргыз жакын болсо?
+3
Belek1710
2020-03-13 21:53:02
Samatalibei,Салымбек байкең кайдан жардам бермек эле, тирүү жүргөн Аскар байкеңден сурап көр!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан