Бүгүн, 10-апрелде эл аралык "Манас" аэропортуна Кытайдан чартердик каттам менен гуманитардык жүк келди. Бул жолку жардамды кытайлык миллиардер Жек Ма жөнөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
"Алибаба" жана "Жек Ма" фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 миллион 800 миң юанды (255 миң доллардан ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, бет каптар, термометрлер жана башка каражаттар келди.
Мындан тышкары жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин кытайлык ишкер Жек Манын "Alibaba" фонду Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан жана дагы башка 4 өлкөгө медициналык каражат иретинде жардам берери маалымдалган.