Коронавируска байланыштуу Казакстан чек араларына убактылуу чектөө киргизди

Бүгүнтөн, тагыраагы 15-марттан баштап коронавирустун Казакстандын аймагына кирүү тобокелчилигин азайтуу максатында чек арадан өтүүгө жана кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чечим Казакстандын өкмөтү тарабынан кабыл алынган токтомдо айтылат.

"Казакстан Республикасынын жана чет мамлекеттердин дипломатиялык кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен өлкөгө келе турган эл аралык уюмдардын, делегациялардын мүчөлөрүн эске албаганда Казакстандын аймагына унаалардын бардык түрү (жеңил жана оор жүк ташуучу) менен кирүүгө жана Казакстандын аймагынан чыгууга чектөөлөр киргизилсин", - деп жазылат расмий документте.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди бүгүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Анда Мухтар Тлеуберди бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы транзиттик жүктөрдү алып өтүүдө тыюу салынбаганын белгиледи. Ошондой эле коңшу өлкөнүн министри өзгөчө кырдаалга байланыштуу мындан аркы чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, өзгөчө кырдаал 16-мартта күчүнө кирип 15-апрелге чейин созулары кабарланды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
talant87
2020-03-15 20:11:26
Ошондо эртемененки суйлошуу кучун жоготубу
+3
Alimbek1000
2020-03-16 09:32:23
talant87, Адамдардын кирип чыгуусу чектелет ал эми продуктулар өтө берет. Окуп туруп анан жазгылачы урматтуулар. теманы окуп алып эле паника кыла бербей... же сабатыңрды жойгула.
+2
robot111
2020-03-16 09:34:52
Такыр эле жабуу керек. Казактар Кыргызстанда чучкурук болсо эле жаап салмак.
0
Asman779
2020-03-15 21:15:33
Казактардан эрте биз жабышыбыз керек алардан бизге келе электе
+3
Belek1710
2020-03-15 21:42:52
Продуктунун көбүн казакстандан алабыз жабылбайт дебеди беле, эми кымбаттаганы ошол да, эл эмне тамактанбай отура бермек беле госзакупка деген болчу эле, ал жөнүндо сөз жок го.
+1
Mamytovv_n
2020-03-16 07:48:23
Бийликтегилер чек ара ачык дединер эле айтканынар Бир аз чындыкка дакындабай калды
-2
zamakure
2020-03-16 09:14:38
Жук продукта ото берет деп турат го
+2
zamakure
2020-03-16 09:15:05
Анда Мухтар Тлеуберди бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы транзиттик жүктөрдү алып өтүүдө тыюу салынбаганын белгиледи.
0
Jaznura
2020-03-16 09:35:11
Чек арада кишилерге болгон чектөө киргизилиши мүмкүн.
0
zaman96
2020-03-16 09:39:50
Жабып салганыда бир четинен жакшы болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан