Быйыл акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт

Мектептерде акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Жакында баарыбызды, окуучуларды, ата-энелерди жана педагогдорду толкунданткан акыркы коңгуроо келе жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мурдагыдай салтанаттуу иш-чара өткөрүү балдардын саламаттыгы үчүн кооптуу болорун баары түшүнөт. Андыктан быйыл 30-майда акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт. Ата-энелерге, директорлорго жана белгилүү инсандарыбызга кайрылып онлайн иш-чаранын алкагында жакшы куттуктоолор, пайдалуу кеп-кеңештер айтылса деп турабыз. Онлайн форматтагы акыркы коңгуроо иш-чарасын кызыктуу жана креативдүү чагылдыруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Баарыңыздарды ушундай шартка туш болгон биздин бүтүрүүчүлөрдү колдоп коюңуздарды суранып кетем", - дейт Надира Жусупбекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан