Бишкекте азык-түлүктүн баасын кымбат саткандар аныкталды

Коронавируска байланыштуу Бишкек шаарында товарлардын баасын негизсиз көтөрүп саткан жарандар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Учурда жасалма түрүндө азык-түлүккө болгон бааны көтөрүүгө жол бербөө үчүн тийиштүү аракеттер жүргүзүлүүдө. Акыркы окуяга байланыштуу өлкөнүн базар, дүкөндөрүндө айрым товарларга суроо-талап күч болуп жаткандыктан айрым сатуучулар абалдан пайдаланып, мыйзамсыз акча иштеп алууга аракет кылышууда. Бул маселени жолго салуу максатында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан атайын топ дайындалды. Алар товарлардын баасын кымбат, массалык түрдө саткан жерге күнү-түнү барып текшерүү жүргүзүшөт. Акыркы суткада 216-берене (монополиялык аракет жана атаандаштыктын чектүүлүгү) боюнча бааны жасалма көтөрүп саткан бир нече сатуучуларга сотко чейинки өндүрүш иштери ачылды. Кечээ Бишкек шаарындагы Көлмө конушунда мыйзам бузуу аныкталган. Анда сатуучу бир мүшөк унду 1800 сомдон саткан (базар баасы 1200-1500 сом), жалпы сумма 100 миң сомдук товарды түзгөн. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AksyKum
2020-03-16 10:07:15
Камагыла .ушундай ушакты озу ушул сатуучулар эле чынарды.керек болсо элге кайрып берсин акчаны 300-400сомдон
+3
Jaznura
2020-03-16 10:23:04
Өз кызыкчылыгы үчүн продукталардын баасын көтөргөндөргө чара көрүлсүн.
+2
robot111
2020-03-16 10:23:24
Кызыл кулактарды кулагынан асып коюш керек.
+1
Erik2018
2020-03-16 10:28:53
азыр баары бизнес оорусанда бизнес той кылсанда бизнес пикетин да бизнес
0
Bars88
2020-03-16 10:31:24
Мурда канчадан сатса ошончодон сатса деле канча пайда кромок.2-3айда аран саткан товарын бир кундо сатышты.Тапкан акчасы дагы берекелу болмок.Беш колун оозуна тыгып алышты
+1
bekmaral
2020-03-16 10:46:32
Мен дурбобогуло эмедей болуп десем баары минус басышат.Унвирустар.
-1
Alimbek1000
2020-03-16 10:55:01
Камагыла! Айыппулду очойтуп салгыла көзү ачылсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан