"Кочкордо коронавирус менен эки адам жабыркайт" деп жалган билдирүү тараткан жаран кармалды

Нарында коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан факт катталды. Анда 13-мартта мессенжерлер аркылуу "Кочкор районунда эки жаран коронавирус менен жабыркап жатыптыр" деген билдирүү тараган.

Бул факт Кочкор РИИБи тарабынан журналга катталып, тергөө иштери башталган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жалган маалыматты тараткан С.М. аттуу аял кармалып, ал Кочкор районундагы кафелердин биринде иштей турганы белгилүү болду. Ал дезинфекция иштерин жасап жаткан санитардык-эпидемиологиялык кызматынын 2 адисин көрүп видеого тартып алып, маалымат тараткан. Кармалган жаран жалган маалымат таратканы үчүн кечирим сурады", - дейт ИИМдин басма сөз кызматынан.

Ички иштер министрлиги жалган маалымат таратпоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат. Кимде-ким жалган маалымат таратса Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын министрлик эскертет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Erik2018
2020-03-16 13:10:38
Ушакчы болуп элди дүрбөткөндөр жазалансын
+4
Samatalibei
2020-03-16 13:16:46
Кечирим суратып эле. Койо бербей 2.3камаш керек башка кайталабайт! Кыргыз элим келбеген, азыр жок вирусту озубуз чакырып ызычуу кылбайлы!
+5
katerina.li
2020-03-16 13:39:55
Анан не кылат бул аялды,камайбы же кечирим суратып коюп кетиреби??
0
Asman779
2020-03-16 16:10:38
Ушулар тажатты элди дурботуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан