Коронавируска байланыштуу Орусия 1-майга чейин чет элдик жарандарга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Орусия өкмөтү кабыл алган токтомго ылайык, мындай чектөө 18-марттан 1-майга чейин киргизилет. "Расмий документ боюнча өлкө аймагына дипломаттар, расмий делегаттар, учкучтар менен флотто иштегендер жана Орусияда туруктуу жашаган чет элдик жарандарга өлкө аймагына кирүүгө чектөө коюлбайт, калган башка категориядагы жарандарга тыюу салынат. Өкмөт башчы Михаил Мишустиндин айтуусунда, бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эпидемиянын жайылышын болтурбоо боюнча сунушунун негизинде жасалып жатат. Бирок бул чаралар убактылуу гана экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Орусияда коронавирус жуктуруп алган 93 факты катталган.