Дүйнөдөгү статистикага ылайык, бүгүн, 3-октябрга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 34 миллион 479 миң 381 болду. Анын ичинен 23 миллион 951 миң 761 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 26 миң 717 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 331 миң 784 адамдан коронавирус аныкталды. 208 миң 693 адам каза болсо, 2 миллион 873 миң 369 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 394 миң 68 адамдан аныкталды. 99 миң 773 адам каза болсо, 5 миллион 353 миң 78 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 847 миң 92 адам вируска кабылган. 144 миң 680 бейтап көз жумса, 4 миллион 299 миң 659 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.