Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова: "Аза күтүү тажыяларын өткөрүүгө жана куран окутууга тыюу салынат"

Бүгүн, 17-мартта вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт үйүндө маалымат жыйын берип, журналисттердин суроосуна жооп берди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы вице-премьерге: "Аза күтүү тажыяларына адамдардын келүүсүнө тыюу салынабы?" деген суроо узатты.

"Биз бардык массалык иш-чараларга, ошол жерге куран окутуу да кирет. Албетте, ар кандай шарттар болот. Бирок 3 аптада карантин маалында аза күтүү тажыяларын жана куран окутууларды жылдырып өткөрүүгө тийиштүү болот. Жалпысынан адамдар көп топтолгон иш-чараларды токтотуп туруу чечими кабыл алынды", - деп жооп берди Алтынай Өмүрбекова.

Казакстан, Өзбекстан, Орусияда коронавирус өсүүдө. Өкмөт өлкөдөгү абалды айтты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aiba.8327
2020-03-17 12:00:16
Эң туура бир эки ай отуп кетет сактаналы оо эл журт .......
+6
Marks
2020-03-17 12:20:26
Туура кылышты.Ресторандарга да тыю салынса жакшы болот. Баардык нерсени алдын алуу эн жакшы.
+4
Kyrgyz_bloger
2020-03-17 12:58:09
Анан мнеге мунун ылдыйындагы жанылыкта кийинки аптада жогорку кенештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушат деп турат,андай боло береби?
+2
Omush94
2020-03-17 13:19:25
Тойду өткөрүүгө да мораторий жарыялап 1 жыл тыю салып тургулачы, эл көп чогулбасын деп чогулса да 50дон ашпоосун буйруп а? Охооо анда көбү үйлөнүп алмак, мисалы 1чи эле баштамакмын
+3
Azamat6
2020-03-17 15:30:19
Озунче еле Росиядагы Татьяна Голиковаго
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан