Кытайда 6-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 711 адам жабыркаса, 3 миң 45 адам каза болду.
Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 98 миң 192 адам жабыркап жатса, каза болгондор 3 миң 380ге жетти. Ал эми айыккандардын саны 54 миң 21 адамды түзөт.
Коронавирустун экинчи очогу делинген Түштүк Кореяда 6 миң 88 адам жабыркап, 40 жаран көз жумду. Италияда жуктуруп алгандар - 3 858, каза болгондор - 148, ал эми Иранда жуктургандар - 3 513, каза болгондор - 107.
Бүгүнкү күнгө карата коронавирус дүйнөнүн 88 өлкөдө катталды.