Бишкекте жогорулатылган даярдык режими киргизилди

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын аймагында жогорулатылган даярдык режими киргизилди. Бул тууралуу токтом кабыл алынганы боюнча борбор калаанын мэриясы маалымат таратты.

Ага ылайык, 2020-жылдын 6-апрелине чейин спорттук секциялар, маданият үйлөрү, музыкалык мектептер, муниципалдык театрлар, музейлер, китепканалар, балдар искусство мектептери, көркөм мектептер, балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборлору, үй-интернаттары, шаардык реабилитациялык, геронтологиялык борборлору, социалдык мекемелердин иш аракеттерине убактылуу чектөөлөр белгиленет. Аталган мекемелердин жетекчилери кызматкерлер, окуучулар, студенттер жана алардын ата-энелерине бул тууралуу маалымат таратышы керек болот.

Коронавирустук инфекциянын пайда болушуна жана тарап кетпешине жол бербөө максатында:
- Соода жана эс алуу борборлору, базарлар, компьютердик клубдар, тойканалар, кафелер, кинотеатрлар, театрлар, көргөзмөлөр, спорт клубдары, фитнес-борборлор жана башка адамдар көп чогулган жана эс алган жерлердин ээлерине жана администрацияларына өз иш аракеттерин чектөө;
- Бишкек шаарынын тургундарына адам көп чогулган жерлерге барууну, ошондой эле үй-бүлөлүк, эске алынуучу иш-чараларды өткөрүүнү чектөө зарылдыгы сунушталат.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан