Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү үчүн электрондук кезекке туруу сунушталууда

COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү үчүн эми электрондук кезекке турууга болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, эгер жарандар COVID-19'га каршы эмдөөдөн өтүүнү кааласа, vc.emed.gov.kg шилтеме аркылуу кирип, онлайн кезекке тура алат.
Ал эми электрондук кезекке туруу үчүн төмөнкү баскычтардан өтүү керек:
1. vc.emed.gov.kg шилтеме кирүү;
2. "Электрондук кезек" бөлүмүн тандоо;
3. Вакцина боюнча жазылган пункту толтуруу;
4. Эмдөө үчүн ыңгайлуу датаны тандоо;
5. Андан соң электрондук кезекке туруу талонун жүктөп алуу.
Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө 39 миң 26 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 3 миң 767си вакцинанын II дозасын алышты.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан