"Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун". Муфтият бир катар чечимдерди кабыл алды

Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы коронавирустун алдын алуу максатында бир катар чечимдерди кабыл алды. Чечимдер дүйнөдөгү мусулман мамлекеттеринин диний фатваларын эске алуу менен кабыл алынганын Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

1. Кырдаал турукташканга чейин жума намазын чогулуп окуу убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун;

2. Мечиттер жабылбайт, намаз убактыларын билдирүү үчүн азан айтылып турсун;

3. Беш убак намаз үйдө окулуусу сунушталат;

4. Даават иштери боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилсин;

5. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.

Муфтий Максатбек Токтомушов кабыл алынган чечимдерге байланыштуу жарандарга расмий кайрылуу жасайт.

"Коронавирус инфекциясы бүткүл дүйнөгө тарап жатат. Бүгүнкү күндө вирустун өлкө аймагына кеңири тарап кетпеши үчүн өкмөт башчысы өлкөдөгү маданий, спорттук жана билим берүү иш-чараларына чектөөлөрдү киргизди. Ошондой эле диний башкармалыкка өлкөдөгү диний мекемелердеги иш-чараларга чектөө киргизүү боюнча сунуштарын берди.

Урматтуу мекендештер, адам баласынын жанын, мал-мүлкүн, ишенимин, аброюн, ден соолугун сактоо динибиздин негизги максаты. Ошондуктан ден соолукка коркунуч жаралган абалда шариятыбыз өзүнүн көрсөтмөлөрүндө жеңилдиктерге уруксат берген. Ислам дини оордукка эмес, жеңилдикке негизделген", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sakura715
2020-03-17 20:14:57
На конец то ,силерге жаңылык эээми жеттиби?
-9
talas0707
2020-03-17 20:30:28
Sakura715, суйунуп алыпсынго базарларчы ? Же мечитке барса эле жугат бекен?
+3
Sakura715
2020-03-17 21:35:51
talas0707,Акылдуу болбочу, базарларды жапса ачка калмаксын давно.Бул жерде мечет жуктуруп жатат деген соз боло элек,эл коп чогулган жерден жугат деп жатат,ал жерге канча адам барат ар кандай.Сага окшогон акылдуулар эле ушундай моменттен пайдалынып озун ыймандуу коргозо калат. Как будто сен эле укмуш калганы жиндидей.Кыргызстандан чон ислам мамлекеттери бул нерсеге тыю салды убагында.Анын жанында каяктагы банктарды рекламалап партияларга угуттоп жургон Чубак ажыга окшогондорго соз жок болду эми
-3
medet1983
2020-03-17 21:16:04
Откондо эле элди жума намазга келбегиле деп айта албайбыз деп жаттынар эле го.Эмне болуп калды.
-2
Kairat1996
2020-03-17 22:04:37
Туура кылыптыр. Ооруп калса намаз окуганда да жаман болосунар. Кайра намаз окуп оорунун айыктыра албайсынар.
-4
talas0707
2020-03-17 23:28:13
Kairat1996, Аллахым баарыбызга ыйман берсин.
0
aydinnur
2020-03-17 23:32:44
Муфтият туура чечим кабыл алыптыр..Муфтий да хадисти ырас кошуптур,ислам таза жана адилет дин экенин ушундан билсе болот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан