COVID-19 диагнозу аныкталган дагы бир дарыгердин каты жарыяланды. Дарыгердин анонимдүү билдирүүсүн Саламаттыкты сактоо министринин мурунку кеңешчиси Елена Баялинова Фейсбук баракчасына чыгарды.
"Менин ПЦР-анализимден коронавируска чалдыкканым аныкталганда эмне кыларымды билбей калдым. Алдыга койгон көп иштерим, пландарым бар болчу. Анан дароо үйдөгүлөрдү ойлоп чочуладым. Тилекке каршы, вирус кимсиң, кайдансың деп сурап отурбай, тандоо кылууга да мүмкүнчүлүк бербей жашооңо кирип, өзүнүн ишин кыла берет экен. Бат кийимдеримди чогулттум да Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканага өзүнчө бөлүмгө жаткырылдым. Ооруканада жатканыма төрт күн болду, өзүмдү жакшы сезип жатам. Дарыларды, витаминдерди ичип келем. Мени бул жактагы медициналык персоналдардын тартиби, ак көңүлдүгү кубандырууда. Башкы дарыгерден санитарларга чейин баары тегиз жоопкерчиликтүү менен мамиле кылышууда.
Айрым медициналык аткаминерлер жана кесиптештер менин диагнозумду угары менен телефон чалып, кантип ооруну жуктурууга жол бергенимди суракка алышып, айланамдагыларга коркунуч жаратып жатканымды айтышты. Негизи анализдин купуялуулугу сакталышы керек эле, алар меникин кайдан билип алышты? Мейли, аны да Кудай көрүп тургандыр. Баса, биз акыркы кезде иштешкен бир да аткаминер чалып, менин абалыма кызыгып, сурап койгон жок.
Биринчи күнү көп ыйладым "эмне үчүн мен?" деген суроо жаралып аябай ыза болдум. Кургак учук, ВИЧ оорусу менен ооруган бейтаптар көбүнчө кабыл болгон дискриминацияга кабылдым. Бул нерсе оорудан да жаман.
Жолдошум дайым мени алдыңкы катарда жүрөсүң, күн-түнгө карабай иштейсиң деп туура айткан экен. Мен азыр эч кандай материалдык компенсация тууралуу ойлонуп же алкыш алсам деп ойлогон жокмун. Менин оюмдун баары оорлошуп кетпей батыраак айыгып чыгуу. Ооруканада жаткан кесиптештериме же ар дайымкыдай кызматта турган медициналык кызматкерлерге эч нерсеге өкүнбөй, көңүлдү чөктүрбөй иштей беришин каалайм. Бул биздин эл алдындагы милдетибиз. Бул аздык кылабы?" - деп бүтүргөн дарыгер сөзүн.
Белгилей кетсек, 14-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 79га жетти.