Коронавирус жуктуруп алган сузактык тургундар менен келген Ысык-Көлдөгү зыяратчы карантинге алынды

Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталганы кабарланган. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, азыркы учурда 90дон ашуун жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, обсервацияга алынган.

Обсервацияга алынгандардын бири Ысык-Көл облустук ооруканасында экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин облус боюнча координатору Мирбек Сагынбаев кабарлады.

"Облустун тургуну коронавирус жуктурган Сузак районунун жашоочулары менен бир учакта келген. Кечээ, 17-мартта бизге маалымат келип түшөрү менен зыяратка барып келген тургун обсервацияга алынды. Абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ruslan-Gaparov
2020-03-18 15:12:30
АЛЛАХ озун сактай кор
0
aliya-leyla
2020-03-18 16:07:03
Алар келгенден бери туугандары менен чогуу экен, бугун эле карантинге алынса туугандары эмне болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан