Бүгүн, 19-июлда Бишкекке Москвадан Кыргыз жарандары учуп келди, алардын арасында 21 медкызматкер бар. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымат таратышты.
“Манас” эл аралык аэропорту «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 425 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында 33 бала бар.
Мекенине төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана балдары бар аялдар, ошондой эле чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.
Бул каттам менен Орусиядагы мекендештердин арасынан 21 адамдан турган практик медкызматкердин тобу коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.