Орусиянын чек арасында калган Кыргыз жарандарды өлкөгө алып келүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта онлайн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.
"Орус-Казак чек арасында 120-130 Кыргыз жарандары жана 60тан ашуун техника кармалып жатыптыр деп уктум. Бүгүн Орусиядагы Кыргыз элчилигинин өкүлдөрү азык-түлүктөрдү алып барышты. Тышкы иштер министрлиги тарабынан эртең кечке чейин бул маселе чечилет", - дейт Ахматов.