Пандемиянын кесепеттерин изилдөө комиссиясы: "Өкмөт сапаты тууралуу сертификаты жок тесттерди сатып алган"

Пандемия маалында өкмөт кытайлык компаниядан сапаты тууралуу сертификаты жок экспресс-тесттерди сатып алган. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда пандемиянын кесепеттерин иликтеген ведомстволук комиссиянын мүчөсү Самат Асаналиев жыйында билдирди.

"Алынган тесттер натыйжа берген эмес. Эмнеге көзөмөл жүргүзүлгөн жок? Ал тесттерди сатып алууга болбой турганыдыгы маалымдалып жатпады беле", - деди ал.

Ошондой эле комиссиянын мүчөсү дары-дармектер маселесине да токтолду. Айтымында, бардык медициналык жайлар жалаң гана антибиотиктерди алып, башка дары-дармектерди алууну көздөгөн эмес. Айрым кымбат баадагы антибиотиктерди сатып алууда жеке кызыкчылыктар үчүн жабык сүйлөшүүлөр болгонун да кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Janyl98
2021-01-22 12:41:08
Сынчылар кобоюп кетиптир бизде
-3
Malik92
2021-01-22 13:00:41
Janyl98,олуп кетпейсинби тенирчи
+1
Eldik1111
2021-01-22 21:59:26
Буткон ишке сынчы коп.бышкан ашка жечу коп дегенде ошол убакта иштегени адам жок баары бол бол жасагыла кылгыла болотта этегинде куноолу издемей башталат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан