"Бирге жеңебиз!" Кыргыз өлкөсүнүн дарыгерлери коронавируска каршы флешмоб башташты

Кыргыз өлкөсүнүн дарыгерлери коронавируска каршы флешмоб башташты. Алар карантин кезде адамдардын оору жуктуруп албашы үчүн үйдө олтуруусун суранышкан.

"Биз сиз үчүн иштөөдөбүз, сиз биз үчүн үйдөн чыкпаңыз", "Коопсуздук чараларын четке какпагыла" "COVID-19 илдетин бирге жеңели" "Бирге жеңебиз!" деген сыяктуу сөздөрдү жазып, аны кармап сүрөткө түшүшкөн.

Буга чейин казакстандык дарыгерлер коронавируска каршы флешмоб башташкан. Дарыгерлер карантинде кармалган жарандарды эреже сактоосун өтүнүп, ак баракка "Мен сиз үчүн жумушта калдым, сиз да мен үчүн үйдө болуңуз" деген сыяктуу сөздөрдү жазып, аны кармап сүрөткө түшүшкөн.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Bekturbek
2020-03-20 00:17:56
Аллага дуа кылгыла! флешмоб кылбай. Алла азабын өзү токтотпосо, аны эч ким токтото албайт!
-4
Sakura715
2020-03-20 00:26:55
Bekturbek,Ызы чууга алдырбай моралдык жактан да колдогону туура эле.Менимче вирус бар адамдарды караган деле бул эрдик!Башка мамлекеттерде врачтар олду вирус жуктургандардын айынан.

Ошол дуба кылып келген адамдар вирусту алып келгендигин эсинден чыгарбачы!?
0
Pikir-add
2020-03-20 04:37:13
Sakura715,
Баары үйүңдө эмеспи?
0
aydinnur
2020-03-20 08:23:52
Bekturbek,дуба кылуу менен катар,аракет да кылуу керектигин Алла Таальа эскертет жана буюрат оз пендесине..Ушу сага окшогон билими,тушунугу тар пенделердин айынан динибиздин аты булганып,сен тенирчи-мен мусулман талашына алып келип жатат да..Мен мына сендейлер учун дуба кылып,тилек тилейм"хадис,Куран-и-Каримди толук окута кор пенделерине,билимди толук алсын да динибизге коо суртпосун деп.
+4
Bekturbek
2020-03-20 18:52:19
aydinnur, Тууганым Алла ыраазы болсун! Мен себепти аткарбаш керек дегеним жок! себепти аткарыш керек, бирок! себепке байланбаш керек. МЕН КӨЧӨГӨ ЧЫГЫП АЛЫП, ФЛЕШМОБ КЫЛЫП ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР? ДЕГЕН НЕРСЕНИ АЙТКЫМ КЕЛГЕН. Алла өзү кечирсин!
+1
aydinnur
2020-03-20 19:03:36
Bekturbek,катуу кетсем кечир замандашым,коп созумду кайра алдым..
+1
Sakura715
2020-03-20 00:19:25
Мурун врачтарды кандай жаман корсом,азыр аябай аяп кеттим,силерге сабыр жана куч кубат!Буйруса, вирус эн акыркылардан болуп бизге жетсе,эн биринчилерден болуп биз женебиз!!!!
+13
4ika1989
2020-03-20 00:29:57
Эх мынча жагымдуу сөздөр, же суйунушунду билбейсин, же кайгырышынды билбейсин, дем куч берсин сиздерге!
+8
Arina07
2020-03-20 00:48:25
Кыргызчаны биринчи жазгыла! Аягына орусча жазылат ХХХХ!
+9
Samatalibei
2020-03-20 01:27:32
Врачтардын айтканын кылгыла! Баарыбыз биргеликте болуп жеңип чыгабыз буйруса! Эң негизи психологияны бузбай бул вирусту грип сыяктуу жеңил экенине ишениш керек! Эгер бул вирусту көп ойлоп кысылып баштасаңыз телефондон алыстап өчүрүп койунуз, сууну көп ичиңиз! Сырта үй жумушу менен алек болуңуз! Үйдү көп желдетип туруңуз! Эсиңиздерде болсун ызы чууга алдырбаш керек! Бул Вирус грип сыяктуу жеңил өтөт психологиянызды бузуп коркопонуз!
+2
bond02
2020-03-20 01:44:14
2019ж чык эшикке, 2020ж чыкпа эшикке. Биздин президент.
+4
Agayu
2020-03-20 03:45:40
Флешмобду таптаза кийинип баштапсынар, а карантинде жаткан бөлмөлөргө ким көңүл бурат ???
-8
portugalia
2020-03-20 05:19:54
Agayu,Кемтик издеп эле турасынар.Булар Оз жумуштарын аткарып жатышат.
+8
aydinnur
2020-03-20 08:04:20
Agayu,ушу сенин тууган уругун карантинде жатат го дейм?
+1
aydinnur
2020-03-20 08:37:44
Agayu,негизи флешмобдун озунун максаты ушул болот,элдерди жаркын,жакшы нерселерге,жакшы мотивацияга чакырып..Сенин оюнча медиктер унуройуп,коз жаштарын балбаалатып тушуш керек экен да ээ?Билип эле турам,анда деле наалымаксын:"булардын кебетеси эмне шумдук,ушулар кантип оорулуларды карайт"-деп..А болмодогу шарттарды окмотко айт,супердин купуясына кат жаз,сурап бергилечи деп,билип туруп,саякатка болгон акчасын чачып келип,эми ансыз деле алсыз мамлекетке догурунуп жаткан мекендештерге айт
0
KAYRATBEK
2020-03-20 05:33:16
Эмнеге ЭНЕ-ТИЛИБИЗДИ экинчи орунга жазасынар? Кыргыз тили биринчи орунда жазылып, калгандары экинчи, учунчу жазылыш керек. ЭНЕ тилди качан сыйлаганды уйронобуз?
0
aydinnur
2020-03-20 08:10:12
Алла озу жар болсун алтындарым!Бир кудайдын парманы,силердин аракетинер менен бул илдетти да женээрбиз кудай буюрса!Кнопка баскылап,кочук которбогон,жалган патриоттор куйгузосунор да куйгузосунор((Мындай учурда ,жылуу соз жазалбасанар да,ойноп жаткан оюнунарды ойноп,орус тилинде коруп жаткан кинонорду коруп жата берсенерчи куйдургулор((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан