Коронавирус аныкталган сузактык тургундардын абалы тууралуу айтылды

Бүгүн, 20-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев онлайн түрүндө маалымат берди. Белгилей кетсек, коронавирус боюнча маалымат жыйын күн сайын өтөт.

Жыйында коронавирус жуктуруп алган Сузак районунун тургундарынын абалы тууралуу айтылды.

"Коронавирусту жуктурганы аныкталган үч жарандын абалы канааттандырарлык. Алардын оорусу өтө оор эмес формада өтүп жатат. Дене табы бирде пайда болуп, бирде жок болуп жатат. Албетте, алар психологиялык жактан дагы басыңкы маанайда болуп жатышат. Бирок биз бул боюнча иш алып барып жатабыз. Ал эми алар менен чогуу учуп келгендердин экөө тест тапшырган, жыйынтыгы бүгүн чыгат. Ошондой эле өзүн жакшы сезбей, ооруканага түшкөн жарандын дагы абалы канааттандырарлык. Ал тапшырган тесттин жыйынтыгы чыга элек. Учурда бейтаптарга тийиштүү дарылануу жана симптомикалык дарылоо жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары кошумча вируска жана бактерияга каршы комбинацияларды колдоно баштадык. Бишкек жана Жалал-Абаддын дарыгерлери менен күнүгө консилиум өтүп жатышат. Белгилей кетүүчү нерсе, ал жакка эч ким кире албайт жана бейтаптарды карап жаткан дарыгерлер дагы чыга албайт", - деди министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
pero5184
2020-03-20 10:22:23
Даарыгерлерге алкыш өмүрлөрүн узаак кыла көр Кудайым.
+29
aslonur
2020-03-20 10:31:15
pero5184,Амин
+14
erlan2196
2020-03-20 10:33:18
Кудай сактасын деп журо бербегиле. Ар кандай диний ишенимдерге эмес, акылга таянып иш кылуу керек.
+3
patiydin
2020-03-20 10:46:43
Салам алейкум! Ушул ооруган жарандарды карап жургон медицина жумушчуларына (санитар, мед айым, врач ж.б) АЛКЫШ болсун! Бул оору откондон сон мамлекеттик сыйлар менен сыйлаш керек.
+19
aydinnur
2020-03-20 11:14:16
patiydin,эн туура сунуш!кудай ак халатчандарга чыдамдуулук,сабыр,ден соолук берсин!уй булолорундо тынччылык болсун,алаксыбай иштеп бергенине..
+8
titanik32
2020-03-20 11:13:34
Без паники мекендештер,силерге ооруган жарандардын аты жөнүн эмне кереги бар?Ар ким өз иштерин кылышсын.
+1
KG.Kushtarbek
2020-03-20 19:12:43
Маладест окмот Еми иштеп атасынар поздно болсода
+1
aliya-leyla
2020-03-20 20:27:26
Медиктердин уй булоолоруно сабыр берсин
+2
nnn.sss
2020-03-20 21:01:31
Мечит салбай больница салышса го адамдар, ушундай кундордо пайдасы тиймек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан