Бишкек шаарында коомдук транспорттун, соода борборлордун жана кафе-ресторандардын иштөө убактысы узартылды (тизме)

Бүгүн, 3-августтан баштап экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарындагы айрым чарбалык субъекттердин жана коомдук транспорттордун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттор (автобус, троллейбус, маршруттук таксилер) эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштейт. Дем алыш күндөрү милдеттүү түрдө дезинфекцияланып, коомдук транспорт иштебейт.

Аянты 100 чарчы метрден ашык болгон соода борборлору, супермаркеттер, комплекстер, соода түйүндөрү күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн 00:00гө чейин иштейт.

Кафе жана ресторандар, ошондой эле башка тамак-аш соода түйүндөрү эртең мененки саат 07:00дөн кечки 22:00гө чейин иштешет. Ал эми тамак-аш жеткирүү кызматтары санитардык нормаларды так сактап, күнү-түнү иштөөгө уруксат берилет.

Шаардагы базарлар мурдагыдай эле иштешет - күн сайын саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин.

Тийиштүү буйрукка борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
muras111211
2020-08-03 21:51:23
Ушул Азиз деген неме кол коёрдон мурда ойлонду болду бекен.
Азыркы убакта эң зарыл болуп жаткан медицина кызматкерлери дем алыш күндөрү кантип жумушуна барып келип иштешет деп.
Башы да оорубайт эмне кылсаңар ошол деп койду да.
+1
Baihan07
2020-08-03 22:24:30
### такыр эле түшүнбөй койдум ушул май баштарды, эми 11:00дөн 14:00гө чейин транспортту жүргүзбөй койсо вирус жок болуп кетеби, же ошол убакта вирус жугатурган убакпы муну кайсы мал ойлоп тапты, бусистердин арендасын, кредитин ким төлөйт.
+3
Formosa
2020-08-04 02:16:42
Жакшы жанылык. Кантсе да жылыш бар.

Кыргыз элим, эми масканы тагынууну, ж.б.у.с. санитардык-гигиеналык нормаларды сактоону унутпайлы. Учунчу толкун болтурбоого аракет жумшайлы. Айдан аман, 2020-жылдан эсен чыгалы. Жакындарыбыз менен тугол бололу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан