Вице-премьер: "Ноокатта коронавирус жуктургандардын үчөө тең аялдар. Алар Сауд Арабиясынан Кувейт аркылуу Ошко келишкен"

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Ноокатта коронавирус жуктургандардын үчөө тең аялдар экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.

"Коронавирус жуктурган Кыргыз жарандары Сауд Арабиясынан Кувейт аркылуу Ошко келишкен. Алардын үчөө тең аялдар. Үчөө эки башка учак менен келишкен", - дейт Өмүрбекова.

Бүгүн Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жаңы үч учуру катталганы жарыяланды. Коронавирус жуктуруп алгандар Ноокат районунда аныкталды. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан