Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин адамзат коронавирус инфекциясын жеңе аларына ишенет. Мындай пикирин ал Швейцариянын Давос шаарында өткөн форумдагы видео кайрылуусунда айткан.
"Дүйнө жүзү пандемияга каршы күрөшүүдө алгачкы ийгиликтерге жетишти. Бирок акыркы мезгилде жугуштуу оорулардын көбөйүшү күрөштү уланта беришибиз керектигин айгинелейт. Ошентсе дагы кыш жаздын башталышын токтото албайт деп ишенебиз. Адамзат вирусту жеңип, бул алааматтан дагы күчтүү чыгарына ишенем", - деген Си Цзиньпин.
25-январда башталган форум 29-январга чейин уланат. Анын катышуучулары тармактарды өзгөртүү, технологияларды өнүктүрүү, глобалдык кызматташтык жана климаттын өзгөрүшү, анын ичинде коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо менен өтөт.