Жарандык авиация агенттигинин директору: "Чет өлкөдө калган жарандар үчүн чартердик рейстер уюштурулду"

Бүгүн, 21-март күнү Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин катышуусунда жыйын өтүүдө. Анда авиакаттамдардын чектөөсү тууралуу маалымат берилди.

"Өкмөттүн буйругуна жараша 20-апрелге чейин үзгүлтүксүз каттамдар токтотулган. Ага байланыштуу ар кайсы шаарда жашаган Кыргыз жарандары келе албай калышкан. Бирок азырынча чектөөлөр бардык авиарейсине тиешелүү эмес.

"Аэрофлот, "Урал аба каттамдары", "Сибирь", “Fly Dubai” эл аралык авиакомпаниялар жана өзүбүздүн "Авиатрафик" авиакомпаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп, чартердик авиакаттамдарды уюштурдук. Бүгүн кечке чейин 1000ге чукул жарандарыбыз Ош, Бишкек шаарына учуп келишет. Дубай, Делинин шаарларында калып, келе албай калган жарандар үчүн чартердик рейс уюштурулду. Алар Москва аркылуу алынып келүүдө. 22-мартка 8 чартердик каттам пландалган. 23-мартта 5-6 каттам жүргүзүлөт.

Жалпысынан 3000 Кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү пландалууда. Эгер башка өлкөдө да калып калгандар такталса, аларды да кийин алып келе беребиз", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан