Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында аскердик бөлүктүн жоокерлеринде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлер байкалганы кабарланды
. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 44 жоокер дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
Белгилүү болгондой, Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө 90 адам Astra Zeneca вакцинасын алышкан.
"5-августта 4 аскерде эмдөөнүн терс таасирлери байкалды. Тагыраагы, дененин табы 39 градустан жогору болуп, баштын катуу оорушу байкалган. Ал эми дагы 40 жоокерде субфебрилдик дене табы (дененин табы 37-38 градус болуп, узакка кармалат) болгон. Буга байланыштуу вакцина алган 44 аскер кызматкери кошумча байкоо жасоо үчүн медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды. Учурда жоокерлердин абалдары туруктуу, тиешелүү кароолор жасалууда", - дешти министрликтен.