Коронавирустан улам өзгөчө абал жарыяланган өлкөлөр

Коронавирустан улам дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү карантин жарыяласа, кээ бир өлкөлөр оорунун алдын алуу үчүн өлкөсүнө өзгөчө абал режимин киргизген.

22-январда Кытай өлкөсү коронавирустун очогу болгон Ухан шаарынан чыгууну токтотсо, аталган өлкөдө ал убакта 541 киши бул ооруну жуктуруп алып, 17 киши каза болгон.

Азыркы убакта коронавирустан улам төмөнкү өлкөлөргө өзгөчө абал киргизилген:

1. Италия 31-январда өзгөчө абал киргизген. Ал убакта бул өлкөдө Кытайдан келген 2 жарандан коронавирус аныкталган (учурда 47 миң 21 адам жуктурган, 4 миң 32си каза болду);

2. Венгрия 11-мартта өзгөчө абал киргизген. 13 жарандан коронавирус аныкталган (учурда 85 адам жуктурган, 4 адам каза болду);

3. Чехия 12-мартта киргизген. 96 жарандан коронавирус аныкталган (учурда 833 адам жуктурган);

4. Латвия 12-мартта киргизген. 16 жарандан коронавирус аныкталган (учурда 111 адам жуктурган);

5. АКШ 13-мартта киргизген. 1 миң 629 адам жуктуруп алган болсо, 41 адам каза болгон (учурда 19 миң 624 адам жуктурган, 260 адам каза болду);

6. Эстония 13-мартта киргизген. 27 жарандан коронавирус аныкталган (учурда 283 адам жуктурган);

7. Болгария 13-мартта киргизген. 23 адам жуктуруп, 1 адам каза болгон (учурда 127 адам жуктурса, 3 адам каза болду);

8. Испания 14-мартта киргизген. 6 миң 250 адам жуктурган болсо, 193 адам каза болгон (учурда 21 миң 571 адам жуктурган, 1 миң 93 адам каза болду);

9. Румыния 14-мартта киргизген. 99 адам коронавирус жуктуруп алган (учурда 308 адам жуктурган);

10. Казакстан 15-мартта киргизген. 8 адам жуктуруп алган (учурда 49 адам жуктурган);

11. Ливан 15-мартта киргизген. 90 адам жуктуруп, 3 адам каза болгон (учурда 177 адам жуктурган, 4 адам каза болду);

12. Словакия 16-мартта киргизген. 61 адам жуктуруп алган (учурда 137 адам жуктурган, 1 адам каза болду);

13. Сербия 16-мартта киргизген. 46 адам жуктуруп алган (учурда 135 адам жуктуруп, 1 адам каза болду);

14. Австралия 250 адам жуктурган болсо, 3 адам каза болгон (учурда 791 адам жуктурган, 7 адам каза болгон);

15. Португалия 18-мартта киргизген, 600 адам жуктуруп алган (учурда 1 миң 20 адам жуктурган, 6 адам каза болду);

16. Гаити 19-мартта киргизген. 2 адам жуктуруп алган (өлүм каттала элек);

Учурда Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктургандардын саны 12ге жеткенине байланыштуу өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизилүүдө.

Ал эми өзгөчө абал - өлкөнүн бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо. Конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан