Бишкектеги СИЗО-1де коронавирус жуктургандар жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өткөн брифингде айтылды.
"Башка жабык мекемелерде жаңы катталгандар боло элек. Бирок СИЗО-1дин диагнозу тастыкталган кызматкери обочолонуп жатат. Ал убактылуу кармоочу жайда эч ким менен байланышта болгон эмес. Себеби ал кеңсе кызматкери. Ошондой эле анын кесиптештери жана үй-бүлө мүчөлөрү текшерилип, вирус тастыкталган жок", - деди Үсөнбаев.