Европа өлкөлөрүнө коронавирус пандемиясын жеңүү үчүн кеминде 2 жыл керек болот. Бул тууралуу кытай вирусологу, Шанхайдагы COVID-19 вирусу боюнча эксперттердин башчысы Чжан Вэньхун коронавирус боюнча өткөн видеоконференцияда билдирген.
Анын айтымында, Европада бул пандемия жакын арада жоголбойт. Дүйнөнүн туш тарабына тарап жаткан коронавирус апрелден июнга чейин күч алып, аптаптуу жай мезгилинде басаңдайт. Бирок күз жана кыш мезгилдеринде кайрадан күч алуусу күтүлөт.
"Европа өлкөлөрүндө коронавирус пандемиясы жакынкы арада жоголбойт. Эң аз дегенде бир же эки жыл бою бул вирус жоголуп, кайра пайда болуп туруусу толук ыктымал", - деген вирусолог.
Бул пандемиянын тездик менен жайылуусун азайтуу үчүн радикалдуу чараларга баруу керектигин белгилеген. Ошондой эле Кытай вирустун жайылышына каршы күрөшүүдө вирустун очогу болгон Ухан шаары тез арада жабылгандыгы үчүн вирустун жайылуусуна бөгөт коюуга мүмкүн болгондугун белгилеп, дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөр кеминде 1 айга карантин жарыялоосу керек деген оюн билдирген.
23-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 351 миң 731ге жетти. Илдеттен 100 миң 430 адам айыгып ооруканадан чыкса, 15 миң 374 адам каза болду.