Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм коронавируска каршы күрөшүүдө ар бир адам өз иммунитетине үмүт артышы керек дейт. Иммунитетти эч кандай дары-дармексиз, өз күчүм менен бекемдейм десеңиз, эң башкысы, организмди чыңдоо керек. Бул үчүн спорт менен достошуу, витаминдүү тамак-аштарды кабыл алуу, туура тамактануу, жаман адаттардан арылуу (ичкилик, тамеки чегүү), толук кандуу уйку, таза абада сейилдөө керек. Төмөндө кайсы тамак-аштар иммунитетти көтөрүүгө мыкты жардамчы болорун айтып беребиз.
1. ЭТ
Кандай эт болбосун (өзгөчө ак эттер) курамында белок, темир, калий, кальций, магний, фтор, цинк, витаминдер жана башкалар бар. Белок булчуӊ жана нерв ткандарына курулуш материал болуп берет. Калий жүрөктүн жана кан тамырлардын, ал эми магний нерв системинин жакшы иштөөсү үчүн керек. Цинк иммунитетти көтөрөт. Кальций менен фтор сөөктү жана тишти бекемдейт. Андыктан адам эт жеп турушу керек.
1 күндүк норма чоӊ адамдар үчүн 150-200 грамм, ал эми балдар үчүн 200-300 грамм. Жаш малдын эти өтө сиӊимдүү келгендиктен, бардык жаш курактагыларга сунушталат. Этти кайнатып жесе пайдалуу. Этти дамамат жана ашыкча жегенде оорулар, анын ичинде эмчектин, жатындын, жоон жана ичке ичегинин рагы жаралат.
2. БЫШТАК
Быштак – кальций, фосфордун булагы болуп эсептелгендиктен сөөктү, тишти жана муундарды бекемдейт. Боор ооруларынын жана атеросклероздун жаралышынын алдын алып, көрүүнү жакшыртып, иммунитетти көтөрөт. Канда гемоглобиндин жаралышын жана тамак-аштын жакшы сиңишин шарттап, нерв системинин иштешин калыптандырат.
Быштакты бөйрөк оорусу жана өтүндө, табарсыгында ташы барлар жегенден мурун врач менен кеңешүүсү зарыл. Болбосо аталган ооруларды күчөтүп жиберет.
3. БАЛ
Балдын курамында 300дөн ашык организмге керектүү пайдалуу элементтер, витаминдер бар. Пайдалуу элементтердин эсебинен бал сасык тумоого, вирустук инфекцияларга каршы күрөшүүчү, иммунитетти көтөрүүчү, стресс менен күрөшүүчү, жараларды тез айыктыруучу касиетке ээ. Иммунитетти тез арада көтөрөм десеңиз, балга кешью, грек жаңгагы жана түрдүү мөмө-жемиштин кургатылган кагын кошуп жесеңиз максатыңызга жетесиз. Балды кимдер жебеши керек: аллергиктер.
4. ИТ МУРУН
Витаминдерге бай дагы бир азык – ит мурун. Ит мурун курамындагы С витамини боюнча лидерлик сапта. Дал ушул С жана Р витаминдеринин жардамы менен суук тийүүнүн алдын алуучу, организмди кайсы бир оорудан кийин бат калыбына келтирүүчү, иммунитетти бекемдөөчү касиетке ээ. Эгер чындап эле иммунитетти бекемдейм десеңиз, ит мурун кошулган чай, компотторду күнүмдүк тамак-аш рационуңузга сөзсүз кошуп алыңыз.
5. КАПУСТА ТҮРЛӨРҮ
Ак кочан капуста
Ден соолукка пайдасы – иммунитетти көтөрөт, нерв системин тынчтандырат, баш ооруну басат, уйкусуздуктан арылтат, бөйрөк, боор ооруларына, анемияга, ашказан, он эки эли ичегинин жарасына, экзема, подагра дарттарына каршы табылгыс дары. Ашыкча салмактан да арылууга жардам берет.
Зыяны – көп өлчөмдө жеп алсаӊыз көӊүл айланып, кускуну келтириши мүмкүн, ич көбөт. Энтерит, колит, миокарддын инфаркты менен ооругандарга жана ичи өтүп жаткандарга колдонууга болбойт.
Кызыл кочан капуста
Ден соолукка пайдасы – иммунитетти көтөрөт. Бронхит, ак кан ооруларынын алдын алат, баш ооруну басып, кан басымды төмөндөтөт. Организмден токсин, шлактарды чыгарат, жүрөктүн согушун жөнгө салат.
Зыяны – курамында клетчатка көп болгондуктан ашказан жарасы барларга сунушталбайт.
Брокколи
Ден соолукка пайдасы – сөөктөрдү бекемдейт, көздүн көрүүсүн жакшыртат, организмдеги ашыкча сууларды, шлактарды чыгарат. Жүрөк, боор, бөйрөк, ашказан, өт ооруларына каршы мыкты каражат.
Зыяны – туура бышырылган брокколинин зыяны жок. Ошентсе да карын астындагы бездин ооруларында, ашказан кычкылы жогоруларга колдонууга тыюу салынат.
Туздалган капуста (квашеная)
Ит мурунга атаандаш болгон азыктардын бири - туздалган капуста. Бул азык С жана Р витаминдеринен сырткары В тобундагы бардык витаминдерге, калий, кальций, цинк, темир, йод жана башка пайдалуу элементтерге бай болгондуктан, ичегилердин иштөөсүн жакшыртып, иммунитетти көтөрүүчү, түрдүү ооруларга туруштук берүүчү сапатка ээ. Андан сырткары курамында аскорбин кычкылы көп. Туздалган капустага көп пияз же пияз аралаштырып жесеңиз, иммунитетти көтөрүүгө миңдин бири болуп саналат.
Туздалган капустада туз көп болгондуктан гипертониктерге, бөйрөк оорулары барларга, ашказан кычкылы жогоруларга, уйку без, ашказан оорулары барларга жегенге болбойт же өтө аз өлчөмдө жеш керек.
6. САРЫМСАК
Дүйнө жүзү боюнча кеңири жайылган, витаминдерге бай, иммунитетти көтөрүүчү дагы бир азык – сарымсак. Курамында суу, май, углеводдор, кант, С, РР, B1, B2 витаминдери, кальций, темир, магний, фосфор, калий, натрий, цинк, марганец, селен, германий жана башка пайдалуу элементтер бар.
Медицинада тастыкталгандай, микробдорго каршы мыкты каражат. Кан басымды жөнгө салып, жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт. Канды тазалап, иммунитетти жогорулатат. Сасык тумоо, жөтөлгө миңдин бири. Элдик медицинада безеткиден арылтып, аллергия, муун ооруларын, рактын алдын алууга, уйкусуздукка жана сөөлгө каршы көмөк көрсөтөрү айтылат
Кимдерге колдонууга болбойт? Ашказан жарасы барларга жана 4 жашка чейинки балдарга сунушталбайт. Анткени алардын ашказанынын былжырлуу чел кабыгы алсыз болгондуктан, сарымсактын кычкыл ширесине эзилип кетүү коркунучу бар.
7. ЛИМОН
Курамындагы С витамининин жардамы менен лимон иммунитетти тез көтөрүүчү, инфекциялык ооруларга, сасык тумоого каршы күрөшүүчү мыкты азык болуп эсептелет. Күнүнө бир кесим лимон жеген адам айрым оорулардын гана алдын албастан, күнү бою сергек жүрөт. Эгер кычкыл даамынан улам жей албасаңыз, эт туурагычтан же блендерден өткөрүп, бал кошуп күнүнө 2 кашык жеп турсаңыз болот.
8. КОЗУ КАРЫН
Козу карындын 90 пайызын суу түзөт жана курамында А, D, Е, РР, В тобундагы витаминдери, калий, кальций, темир, йод бар болгондуктан ден соолукка пайдалуу. Иммундук системди бекемдейт. Курамындагы лецитин кан тамырларды тазалоодо жана холестериндин деңгээлин азайтууда мыкты жардамчы. Атеросклероздун алдын алып, эс-тутумду жакшыртат. Нерв системине, стресске, депрессияга пайдалуу. Козу карындын ак түрүнүн курамында рибофлавин, В2 витамини көп. Бул витамин теринин, чачтын жана тырмактын сапатын жана уйку безинин иштешин жакшыртат. Адистердин изилдөөсүнө таянсак, шампиньондор шакый жана баш оорунун алдын алат. Вёшенка козу карыны РР витаминине бай болгондуктан организмди ар түрдүү вирустардан коргойт.
Кимдерге жегенге болбойт? Козу карындан жасалган тамактын сиңиши жай болгондуктан, 8 жашка чейинки балдарга, улгайган адамдарга, кош бойлууларга көп жегенге болбойт. Подагра, бөйрөк, боор, ашказан-ичеги, тери оорусу барлар 1 айда 1 гана жолу сууга бышырылганын жесе болот. Ал эми куурулганын, туздалганын жесе оорусу күчөп кетиши мүмкүн.
9. АШКАБАК
Ашкабакта А, B1, B2, B5, E, РР, С витаминдери, кант, кальций, калий, магний, темир жана башка микроэлементтер камтылган. Ал эми даны В1, С, Е, D, РР витаминдерине жана каротин, көмүртек, белок, майга бай. Тибет элдик медицинасында ашкабакты дарылык касиети бар азык катары колдонуп, аны менен боорду, бөйрөктү, гастритти, ашказан жарасын айыктырууда колдонушат. Ашкабактын эти жоон ичегинин сезгенүүсүндө, ич өтүүдө, жүрөк-кан тамыр ооруларында, аз кандуулукта, циститте сунушталат. Ашкабак организмден ашыкча холестеринди чыгарып, жүрөк ооруларынын алдын алат. Зат алмашуу бузулганда, боор оорусунда суткасына 0,5 килограмм ашкабак жеп же 1-2 стакан ширесин ичүү сунушталат.
10. АЙРАН
Байкап жүрсөңүз керек, көпчүлүк ооруларда врачтар тамакты жөндөп жеп, диетага отурууну сунушташат. Бирок менюда айран калат. Анткени айран курамындагы бифидобактериялардын жардамы менен иммунитетти көтөрүп, суук тийүүнүн алдын алып, ашказан-ичегилердин иштөөсүн жакшыртат. Негизгиси айранды дүкөндөн сатып албай, өз колуңуз менен уютуп ичсеңиз болду.