Акыркы суткада өлкө боюнча 568 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.
Бишкек шаары - 159;
Ош шаары - 29;
Чүй облусу – 56;
Ош облусу - 17;
Талас облусу - 16;
Нарын облусу - 4;
Ысык-Көл облусу – 38;
Жалал-Абад облусу – 120;
Баткен облусу - 129.
Өлкөдө илдет катталган күндөн тартып жалпы 56 миң 738 жаран жабыркады.
Бүгүнкү күндө стационарда 3 миң 398 бейтап, амбулатордук дарыланууда 3 миң 454 бейтап дарыланууда.